• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Сотто тыныгуу жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурунку орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

Судья отурумда тыныгуу жарыялады. Кийинки отурум 18-февраль күнү өтөт.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий