• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

отто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков сурак берүүдө. Отурумда жактоочулар Матисаковдон суракты күбө катары эмес, айыпталуучу катары алууну соттон суранышкан. Анткени, Матисаков бул иш боюнча башында шектүү катары өткөн. Ошондуктан анын берген көрсөтмөлөрүнүн чындыгына күмөн бар, анткени Матисаковдун өз кызыкчылыктары бар, дешкен. Жактоочулар андан шектүү катары сурак алууну өтүнүшкөн. Прокурорлор өз кезегинде Матисаков күбө катары сурак берүүсү керектигин билдиришкен. Ал эми судья Матисаковдон көрсөтмөнү күбө катары алаарын билдирип, ал калп берген көрсөтмөлөрү үчүн мыйзам чегинде жазага тартыла тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий