• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Көрсөтмөлөр президенттин аппаратынан да берилип келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Тарых музейинин кызматкери Нурхат Иманкулова сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, ал экспозицияларды жана башкаларды сактоого жоопкерчиликтүү болгон. Бирок, чакырылган немис адистери анын макамына карабастан андан витриналардын ачкычын алып алышкан.

Эмне себептен иштер аяктай элек деген суроого Иманкулова, ал иштерди немис адистери аткарышы керек, деди.

Андан тышкары ал билдиргендей, бардык кызматкерлерге жетекчилик тарабынан катуу кысым көрсөтүлүп келген. Ошондой эле көрсөтмөлөр президенттин аппаратынан да берилип келген.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий