• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Немис компаниясы 7 млн евро сураган. Бирок, Исаков башка компанияларды кароого макул болгон эмес - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек. 18.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Абдыкаров сурак берүүдө.

Анын айтымы боюнча, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жолугушуу болуп, ошол жерде REIER немис компаниясы музейди оңдоп-түзөө боюнча өздөрүнүн сунуштарын тартуулашкан. Анда биринчи жолу жабдыктардын суммасы аталган. Алар 7 млн евро суммасындагы каражатты аташкан.

"Мен бул сумма абдан жогору экендигин ойлодум. С.Исаковго айтып, башка компанияларды караштырууну сунуштагам, анткени коомчулук түшүнбөйт дегем. Бирок, Исаков убакыт тар экендигин айтып, башка ушундай жабдыктарды алып келүүчү компанияны издөөгө убакыт жок экендигин айткан. Андан тышкары, автоматташтыруу тууралуу суроолор да болгон. Немис компаниясынын өкүлдөрү автоматташтырууну жасай алышаарын айтып, бирок, анын баасы жогору болоорун айткан", - дейт Абдыкаров.

Мурдагы аткаминердин айтуусу боюнча, ошол жолугушуудан кийин WhatsApp-топ ачылган. Аны ошол топко 2017-жылдын май айында кошушкан. Ал топтун ичинде келишим евро валютасында түзүлөөрү талкууланып келген. "Мен башынан каршы болуп, ал тууралуу бир нече жолу оюмду билдиргенмин. Ошол топтун ичинде келишим улуттук валютада түзүлүшү керектиги тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатканда мага КР президентинин аппаратынын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн кызматкери Чыңгыз Маниясов чалып, жолугушууга чакырган", - деп айтып берди күбө.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий