• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек. 04.03.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, отурум 10-мартка жылдырылды. Мурунку жыйында сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын соттук териштирүүнүн аягына чейин узарткан болчу.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий