• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейин жана ат майданын реконструкциялоо боюнча иш: Иштин мөөнөтү максималдуу түрдө кыскартылган - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда бүгүн Бишкек шаарындагы тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда тарых музейи боюнча күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда сурак берүүгө музейдин илимдер боюнча директорунун орун басары Анаркүл Исиралиева чакырылган.

Анын айтуусу боюнча, музейде 38 жылдан бер иштеп келет. Эмгек жолун жөнөкөй экскурсия жүргүзүүчү кызматкерден баштаган. Ал билдиргендей, чынында, имарат менен бир нече көйгөйлөр болгон.

“Биз экспонаттарды толук кандуу көрсөтө алчу эмес элек. Анткени жабдыктар эскирген, жада калса имараттын да эскилиги жеткен. 2005-жылы жана 2013-жылы биз музейди реконструкциялоонун концепциясы үстүндө иштегенбиз. Эң көйгөйлүү 4-5-кабаттар болчу”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, 2014-жылы Түркиянын маданият министрлигинен адамдар кошулуп, алар биргеликте 2 жыл иштешти. Адистердин ичинде сүрөтчүлөр, архитекторлор, электриктер жана башкалар болгон.

Исиралиева айткандай, кийин немис компаниясы менен кызматташуу башталган. Ал билдиргендей, иштин мөөнөтү максималдуу түрдө кыскартылган эле.

“Жетишпей жаткандыктан, бизде көп жумуштар бир убакта жүрүп жатты. Жумуштан үйгө биз таңкы 05:00-06:00да кетип жаттык. Экпозицияларды 4 айдын ичинде монтаждоо – жаңылык болду. Чет өлкөдө мындай иштерге жылдар кетет”, - дейт күбө.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий