• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейинде 503 экспонаттын жоголушу боюнча 2012-жылы кылмыш иши козголгон – Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейинин 503 экспонатынын жетишсиздиги 2012-жылы жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жөнөтүлгөн материалдар боюнча ошол эле жылы Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.

Министрликтин Коллегиясынын 2012-жылдагы чечими менен фонд үчүн жооптуу музейдин кызматкерлери иштен бошотулган.

Мындан тышкары ведомстводон билдиришкендей, КР Министрлиги тарабынан Музейдин фондунун толуктугун текшерүү максатында 2014-жылдын 14-февралында №42 “Муйзедин фондун инвентаризациялоо жөнүндө” буйругу чыккан.

Натыйжада Мамлекеттик М.Фрунзе мемориалдык үй-музейинде 104 экспонат жетишсиз болуп чыккан. Тиешелүү материалдар Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБине өз убагында жөнөтүлгөн.

104 музейдик экспонаттын жоктугу боюнча Биринчи май райондук ИИБ кылмыш ишинин толук эместигине байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

1963, 1974, 1982-жылдардагы жоголгондугу тууралуу Актылар бар.

Музейлер музейдик фонддун толуктугу боюнча текшерүүлөрдү туруктуу жүргүзүп турушат. Текшерүү музейдин директорунун буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Анын план-графиги музейлик фонддун көлөмүнө жараша түзүлөт: фонддун көлөмү 500дөн 3000 даанага чейин – 2 жылда 1 жолу; 3000ден 30 000ге чейин – 3 жылда 1 жолу; 30 000ден 300 000ге чейин – 5 жылда 1 жолу.

Пикир

Оставить комментарий