• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тарых музейинде “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-июнда Улуттук тарых музейинде президенттин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу жана “Кыргыз тайганы” долбоорунун алкагында кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдарды жана артефакттарды чагылдырган тематикалык көргөзмө болот.

Көргөзмө президенттин администрациясы, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгелдиева, ардагер тайганчылар, манасчылар,, чыгармачыл топтордун катышуусу менен өтүп, жана архивдик, заманбап фото-видеоматериалдарды көрсөтүү менен коштолот.

Учурда көргөзмөгө тайган жөнүндө маалыматтарды чагылдырган түрдүү экспонаттарды кабыл алуу жүрүп жатат. Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдар бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Ошондой эле түрлүү булактардан алынган илимий, адабий, маалыматтык материалдар дагы коюлат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар каралган.

Көргөзмө 30-июнга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий