• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тарых музейинде кыргыз тайганынын тарыхын баяндаган көргөзмө өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Улуттук тарых музейинде алгачкы жолу “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөнү бүгүн, 15-июнда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ачты.

“Кыргыз элин көп жылдан бери коштоп келе жаткан жаныбар – тайган. Тайган Кыргызстандын материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ. Учурда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул демилгенин алкагында көргөзмө уюштурулуп, ал аркылуу кыргыз тайгандарынын тарыхын баяндоо пландалууда”, - деди ал.

Көргөзмө президенттин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун негизинде өтүүдө.

Көргөзмө 30-июнга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий