• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тарых музейиндеги мумияны изилдөөдөн кийин көмүшөт – Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде сакталган мумия антропологиялык изилдөөдөн соң көмүлөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 12-октябрда мумияны көмүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков мумия музейде турган 60 жыл бою ага изилдөөлөр жүргүзүлгөн эместигин белгиледи. Себеби атайын изилдөөчү жабдуулар жана антрополог-адистер болгон эмес.

Мумия күлгө айланбай сакталып калышы үчүн аны бальзамдоо керек. Тиешелүү адистер жана каражаттардын жоктугунан бул да жасалган эмес.

Мумия окумуштуулар тарабынан изилденет деген шарт менен жерге берилери маалымдалат.

Көрсөтмөлүү сүрөт

Пикир

Оставить комментарий