• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарых музейиндеги оңдоо иштери: Эсеп палатасынын башчысы аудит качан аяктарын айтты

Коом 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Тарых музейиндеги ремонт иштери боюнча Эсеп палатасынын аудит жыйынтыктары 2-3 айдан кийин даяр болот. Бул тууралуу журналисттерге ШКУ жогорку аудит жетекчилеринин жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Кыргызстандын аудит жүргүзүү үчүн кошумча бирөөлөрдү чакыруу ниети жок, анткени аны өз алдынча жүргүзүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүк бар.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 25-майында “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын көчмө жыйынында Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маселе каралган.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев билдиргендей, Түркиянын ТИКА компаниясы ички оңдоо иштерин 10 миллион, ал эми сыртын 4 миллион доллар деп баалаган. Ал маалымдагандай, жалданма компания имараттын тышкы бөлүгүн оңдогон, андан соң КР бийлиги алар менен келишимди үзгөн. Ички бөлүгүн оңдоо үчүн 23 миллион сом коротушкан, андан кийин 13 миллион сом уурдалган. Эл өкүлдөрү музейдин эмеректери үчүн 770 миң евро жумшалганын аныкташкан.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы (ККК) Мамлекеттик тарых музейинин ремонт иштерине коротулган чыгымдарды текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий