• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин атын берүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Бишкектеги Тарых музейине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын өнүгүүсүндө Усубалиевдин орду чоң.

"Ал ишин журналист катары баштап, чейрек кылым мамлекетти башкарды. Ал башкарып турган учурда ички дүң продукция 2,5 эсеге көтөрүлгөн экен. Бишкек, Ош шаарлары кандай өзгөргөнүн тарыхый сүрөттөрдөн көрүп жатабыз. "Манас" аэропорту, ошол эле Өкмөт үйү, Спорт сарайы, бир катар ГЭСтерди, көлдөгү пансионаттардын көпчүлүгү ошол адамдын учурунда курулган. Союз убагында Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун баардык чечимдерин бир да мамлекет жетекчилери каршы чыкпастан аткарып келген. Соң-Көл көлүн, Чаткал суусунун нугун өзгөртүп, башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонобуз дегенде ага каршы чыгып, маселени туура чечип берген. Чыңгыз Айтматов да "Турдакун аксакал биздин Бишкек шаарын башкы архитектору болгон" деген сөзү бар. Бул адам өзү тарыхчы болгон экен. Тарых музейине анын атын берүүнү сунуштайт элем", - деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак. Ал 1961-1985-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары кызматын ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий