• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарых музейинин алдындагы тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган – Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин алдындагы тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, хромдолгон темир тосмо музейдин алдыңкы бөлүгүндө гана 2018-жылдын август айында реконструкциялоонун I этабынын алкагында орнотулган.

"Тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт. Тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий