• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду

Президент 0

Бишкек, 07.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Премьер-министр Сапар Исаковдун, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын коштоосу менен 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясый репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Андан кийин Мамлекет башчысы менен коштогон адамдар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту.

Ошондой эле Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын башчылары Бишкектеги Жеңиш аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин элесин эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган, анын ичинде Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий