• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарыхчы Т.Өмүрзакова: Балдарыбыздын келечегин, Кыргызстандын туруктуулугун ойлосок – С.Жээнбековду шайлайлы

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Президенттик шайлоого ар-бир инсан, ар- бир жаран кайдыгер карабашыбыз керек, деп билдирди КР Илимдер академиясынын тарых факультетинин Түштүк филиалы боюнча башчысы Турсунай Өмүрзакова Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Алай районунун эли менен болгон жолугушуусунда.

“Мага Алымбек датканын урпагы катары Сооронбай Шариповичке бир канча жолу кайрылууга тура келген. Алымбек датка атабыздын 215 жылдыгында, Курманжан датка энебиздин 200 жылдык мааракесин өткөрүп жатканыбызда губернатор болуптурганында киргем. Кайрылганда өтө кичи пейилдик, интеллектуалдык карапайымдык менен кабыл алып, болгон жардамын берип, ал тургай Алымбек датканы көтөрүш керек, Курманжан датка энебиз тарыхта татыктуу ордун алды, Алымбек датканын тасмасын тартыш керек, мен ошого жардам берем деген сөздөрүн айткан”, - деп белгиледи Турсунай Өмүрзакова.

Анын айтымында, азыр элдин алдында намыс маселеси турат. “Чындыкка, адилеттикке, ыймандуулукка, элибиздин жана балдарыбыздын келечегине чындап күйсөк, эртеңки мамлекетибиздин келечегин ойлосок, топуктуу, ыймандуу, адеп-ахлактуу, тажрыйбасы мол, токтоо, алкынбаган, жулкунбаган, асмандагы айдын баарын алып берем дебеген, бардык жолду басып өткөн, татыктуулардын эң татыктуусу Сооронбай Жээнбековду шайласак, биз алты жыл бою жаңылышпайбыз. Балдарыбыздын келечегин, Кыргызстандын туруктуулугун ойлосок – Сооронбай Шариповичти шайлашыбыз керек! Алданбайлы, адашпайлы, таза адамды шайлайлы”, - деп жердештерин чакырып өттү Турсунай Өмүрзакова.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: 20.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий