• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тарыхтагы эң биринчи алтын алган Олимпиада Парижде болот деп ойлойм — Махмудов

Спорт 0

Бишкек, 23.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 23-август күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтүүдө.

Аталган аземде Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырган Акжол Махмудов өзүнүн ата-энесине, Садыр Жапаровго, машыктыруучуларга жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

“Парижде тарыхтагы эң биринчи алтын алган Олимпиада болот деп ойлойм. Ал оюндарга мындан да жакшы шарттардын түзүлүшүнө тилектешмин. Мекенибиз өнүгүп-өссүн”, - дейт Махмудов.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий