• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү. УКМКнын ардагери Абдрахмановдун китебинин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-апрелинде КР УКМК имаратында «Кыргыз Республикасынын саясий репрессиясынын курмандыктарынын китеби» аталышында Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин жана жеке курамдын катышуусунда, УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник жана тарых илимдеринин кандидаты Болот Абдрахмановдун китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган китеп репрессиянын курмандыктарынын ондогон жылдар бою үнсүз болуп келген толук эс-тутумун калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон, табиятынан уникалдуу китеп болуп калды.

«Басылманын негизги максаты - тоталитаризм доору жөнүндө чындыкты коомчулукка жарыялоо, жалган жалаа менен атылган адамдарга жакшы атты кайтаруу. Бул басылмада массалык саясий репрессияга туш болгон адамдарга карата тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын күнөөсүз репрессияланган жарандарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында иштелип чыккан китептердин бөлүмү», - деп айтты китептин автору Болот Абдрахманов.

Автордун айтымында, бул басылманын негизги мазмуну окко учуп, лагерлерге жөнөтүлгөндөрдүн кыскача өмүр баяндык маалыматтарынан турат.

«Бүгүн биз КР УКМК Институтунун кызматкерлеринин тобу 3 жылдан бери Кыргыз Республикасынын УКМКнын архивинде жигердүү иштеп, акыры аяктагандыгын канааттануу менен белгилей алабыз, бул эң чоң иштердин биринчи этабы. Алар жалпы маалымат базасына республикабыздын репрессияланган жарандары жөнүндө, алардын маалыматтары каттоодон чыгарылган 13,5 миңден ашуун кылмыш иштеринде камтылган, ошондой эле 17 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын курмандыктарынын аттарын бириктирүү мүмкүн болгон маалыматтар киргизилген», - деп КР УКМКнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Замирбек Чолпонбаев билдирип кетти.

Замирбек Чолпонбаев айтып өткөндөй, маалымат база сапаттуу статистикалык анализ жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, анын жардамы менен репрессияга кабылгандардын так санын, социалдык келип чыгышын, алардын улутун, билимин, жашын, жынысын, партияга мүчөлүгүн жана башка мүнөздөмөлөрүн аныктоого болот.

«Бүгүнкү күндө биз, репрессиялык системанын сансыз курмандыктарына терең карыздарбыз. Бул китеп акыйкатсыз курман болгондордун элеси алдында чын жүрөктөн өкүнүп, баарыбызга, алардын укум-тукумуна тарбия болот», - деп сөзүн аятады автор Болот Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий