• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө“, „Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын соттук-укуктук реформалоонун алкагында күчүнө кирген ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жана телерадио берүү операторлоруна жарнак жайгаштырууга тыюу салынат, буга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк телеканалдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаган учурлар кирбейт. Мында Өкмөт бекиткен социалдык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында телеканалдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн Өкмөт аныктаган көлөмдөрдө жарнактарды жайгаштырууга жол берилет.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аталган ченем 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат. Кол коюлган Мыйзамдын 2-беренесинин 2-пункту менен анын колдонулушун 2023-жылдын 1-январына чейин узартуу каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий