• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Дөбө айылынын тургунуна Соцфонд 80 миң сомдон ашык төлөп берди

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атына Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын тургуну К.М.аттуу жарандан соцфонд айлык маянасына кошулчу акчаны төлөп бербей жатканын айтып арызданган.

Институттун басма сөз кызматы билдиргендей, акыйкатчы институту тарабынан кылдат текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2001-жылдын 1-июлунан тартып 2017-жылдын май айына чейин соцфонд айлык маянага кошулчу кошумча сумманы туура эмес эсептеп келгени далилденген.

Мындан улам Аламүдүн райондук соцфонд тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн жылдар кайрадан эсептелген. Натыйжада К.Мга. 81 миң 401 сом төлөнүп берилген.

Соцфонддун пенсияны туура эмес эсептеген кызматкерин жоопко тартуу боюнча акыйкатчы институту тиешелүү суроо-талап жөнөткөн, бирок кызматкер 2011-жылы өз каалоосу менен жумуштан кеткени маалым болду.

Өз кезегинде Аламүдүн райондук соцфонддун жетекчилиги пенсия бөлүмүнүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий