• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Көмүр милициясы ардагерлерди жана балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык милициясы ардагерлерди жана балдарды Жаңы жылы менен куттукташты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр ШИИБнин башчысы Азенбек Козукеевдин демилгеси жана өздүк курамдын колдоосу менен шаардык милиция кызматкерлери аяз атанын кийимин кийип, Жаңы жылга карата шаар тургундарынын маанайын көтөрүү максатында ички иштер органдарынын ардагерлеринен, “Эмгектин баатырынан”, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдөн жана тоголок жетим балдардан кабар алышты.

Алар майрамдык белек-бечкектер менен толтурулган баштыктарды тапшырышып, келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Милиция тарабынан көрсөтүлүп жаткан белектерге ыраазы болгондор алардын жоопкерчиликтүү жумуштарында ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий