Таш-Көмүр милициясы коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Таш-Көмүр милициясы коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында иш-мерчемдер түзүлүп, тиешелүү органдар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында базарлар, соода түйүндөрү, эс алуучу жайлар, банктар текшерүүгө алынып, сатуучуларга эл менен иштешүүдө этият болуу керектиги эскертилди.

Жугуштуу илдеттин жайылышын болтурбоо үчүн ар бир жаран санитардык нормаларды, жеке гигиенаны сактап, медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү азыркы учурдун талабы экендиги жеткирилди. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына унаага адам салууда беткабы жокторду чыгарбоо жана автоунааны дезинфекциядан өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары үй карантинде жаткандарга белгиленген тартипти так сактоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий