• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Таш-Көмүр милициясынын өздүк курамы ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Апта ичинде Таш-Көмүр ШИИБнин өздүк курамы менен шаардагы ички иштер органдарынын ардагерлеринин жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ардагерлер менен жолугушуу - милиция кызматкерлеринин эл арасында ишенимин жана кадыр-баркын жогорулатуу, жаңы кызматка дайындалган кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткарууда кесипкөйлүгүн көтөрүү, маданияттуулук менен кесиптик этиканы сактоо жана насаатчылар ишин жандандыруу, ИИОнун ардагерлери менен тыгыз байланышта болуу максатын көздөп, суроо-жооп форматында коштолду.

Жолугушууга ардагерлер Орозбаев Ибрагим, Долонбаев Мамасабыр, Чокоев Талгатбектер катышып, өздүк курамга өз билимин жана насааттарын айтышып, иш тажрыйбасында басып өткөн жолундагы ийгиликтери жана жарандар менен сылык болуудагы мамиле куруунун жолдорун түшүндүрүп, ар дайым бирге кызматташып турууга даярдыктарын билдирип өтүштү.

Өз кезегинде ШИИБнин башчысы А.Козукеев жаштар үчүн ардагерлер ар дайым керектигин, алардын айткан насааттары баа жеткис экендигин, "Карысы бардын ырысы бар" деп белгилеп, өздүк курам атынан ардагерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий