• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таш-Көмүр милициясы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык милициясы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурдун талабына жараша Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчисинин демилгеси менен эл арасында жаралып жаткан көйгөйлөрдүн бири - шаар аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу жана ажырашууларды болтурбоо максатында ар бир аймактык башкармалыктарда милициянын участкалык кызматкерлеринин талдоосунда турган, көп ичип үйүндө жаңжал салуусу мүмкүн болгон 15 үй-бүлөнүн жашап жаткан жерлерине аймактык башкармалыктын башчылары, Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери, айыл аксакалдары, шаардын имамдары менен биргеликте, мыйзамдарда көрсөтүлгөн зомбулук тарткан адамдын жана зомбулук көрсөткөн адамдын укук милдеттери, коргоо ордерлеринин шарттары жана жоопкерчиликтери боюнча да түшүндүрүлдү. Айыл аксакалдары тарабынан акыл-насааттар айтылып, үй-бүлөнү ынтымакка чакырып, ак баталарын беришти.

Ошондой эле, Таш-Көмүр шаарынын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын колдонушуп, көчөдө жүрүп ар кандай укук бузууларга аралашып калуусуна бөгөт коюуда Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык өнүгүү жана балдарды колдоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, Таш-Көмүр шаарынын жана ага караштуу аймактарда жайгашкан дүкөндөрдө, соода-сатык жайларында жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатууга тыюу салынуусун эскертип, бул багытта да тиешелүү алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына жыл башынан тартып жалпы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча – 15 учур катталып, анын 12си КЖБРге өткөрүлүп, 13 коргоо ордерлери берилген. 1 материал Бузуулар боюнча каралган болсо, 2 учур аймактык караштуулугу боюнча жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий