• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Бектемиров Келсинбек Базаркулович дайындалды. Бул тууралуу президенттин жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мэрди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка жана шаар жетекчилерине тааныштырды.

Облус башчысы жаңы мэрди Таш-Көмүр шаарын өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырып, ийгилик каалады.

Келсинбек Бектемиров 1980-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2013-2014-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы, жеке компаниялардын аткаруучу директору, 2012-2020-жылдары Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарын Нурлан Доулбеков жетектеп келген. Анын ушул жылдын июнь айында кызматтык мөөнөтү аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий