• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Көмүр шаарында кум-шагылга толгон жолду тазалоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында сел суусу агызып келген кум-шагылга толгон жолду тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда Бишкек – Ош автоунаа жолунун 431-435-чакырымдарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары жолго кум-шагылдарды, таштарды агызып түшкөн. Натыйжада 432-433-км аралыгында чиркегичи бар 1 оор жүк ташуучу автоунааны кум-шагылдар жарым-жартылай жаап, токтоп калган. Топтолгон кум-шагылдан улам автоунаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Жолду тазалоо үчүн №38 ЖТИден 1 автогрейдер , 1 жүктөгүч, Таш-Көмүр шаардык ӨКБнүн улук офицери, майор Р.Мамутов, бөлүмдүн башчысы улук лейтенант А.Чаргыновдун жетекчилиги менен куткаруучулар тартылган.

Тартылган техникалардын жардамы менен Бишкек – Ош автоунаа жолунун 431-435-чакырымдарында жалпы 7 жерге топтолгон кум-шагылдарды тазалашып, түнкү саат 1:30да жол бир тараптуу ачылып, жүк ташуучу автоунааны жолго чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Жолду кеңейтүү жумуштары бүгүн, 12-майда улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий