• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таш-Көмүр ШИИБне 3 автоунаа берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Таш-Көмүр ШИИБне жергиликтүү “Ийгилик Кей Джи” ишканасы тарабынан 3 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Темир тулпарларды тапшырып жатып “Ийгилик Кей Джи” ишканасынын жетекчиси Ли Минян милиция кызматкерлеринин азыркы учурда жүргүзүп жаткан иши тууралуу айтып, алдыда кызматташууга даяр экендигин белгилеген. .

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошов, Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиевдер катышкан.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошкондугу үчүн Таш-Көмүр ШИИБнин башчысы Азенбек Козукеевге “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий