Таш-Көмүрдө 26-декабрдан бери дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.01.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын Чүйүт-Сай айылынын 27 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгон жараны изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милиция кызматынан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, 1992-жылы туулган Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли 2019-жылдын 26-декабрь күнү саат 07:00 чамасында Чүйүт-Сай айылындагы үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою – 170-175см, орто дене түзүлүштө, ак жуумал, чачы кара, кыска, психикалык жактан оорулуу, бала кыял, 2019-жылдын 25-декабрь күнү Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психикалык ооруканадан дарыланып чыккан.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү кышкы куртка, саргыч джемпер, кара спорттук шым, бутуна көлөч кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголгон Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли боюнча кандайдыр бир маалыматы болгондор Таш-Көмүр шаардык милициясына же (03745) 5-02-57, (0779) 64-64-84, (0702) 64-64-84 номерлерине кайрылышса болот.

Пикир

Оставить комментарий