• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таш-Көмүрдө беш айылдын тургундарынын райондун балансына өтүү талабын комиссия иликтейт

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22 /Кабар/. Таш-Көмүр шаарына караган беш айылдын тургундарынын талаптарын комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов шаар тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарына караган беш айыл Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылдарынын жашоочулары нааразычылыгын билдирип чогулушкан. Алар аталган айылдарды Таш-Көмүр шаарынан чыгарып, Ноокен районунун карамагына кошуп берүүнү өтүнүшкөн. Тургундар шаар бюджетинин таңкыстыгынан айылдардын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык өнүгүүсүнө шарт түзүлбөй жатат деген жүйөнү келтиришкен.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары чогулгандардын көтөргөн маселесин ар тараптуу иликтеп чыгуу максатында, облус башчысынын тапшырмасы менен тийиштүү кызматтардан комиссиялык топ түзүлгөнүн билдирди. Алар жеринде мониторинг жүргүзүп, жыйынтык чыгараарын кошумчалады.

Аталган беш айыл Ноокен районунун Достук айыл аймагынан 1984-жылы Таш-Көмүр шаарынын аймагына кошулган.

Пикир

Оставить комментарий