• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таш-Көмүрдө дарыя бойлой эскертүү тактайчалар орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/.Таш-Көмүр шаардык милициясы тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында Нарын дарыясынын кооптуу участкаларына, канал бойлоруна, чоң арыктарга эскертүү тактайчалары орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн ысыган мезгилдерде кооптуу аймактарга сууга түшүүгө болбой тургандыгы шаар тургундарына эскертилип, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлгө алып туруу керектиги белгиленди.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо үчүн жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырышты. Ошондой эле беткабы жок жүргөндөргө беткап таратылып, негизсиз көчөдө жүрбөө керектиги айтылды.

Шаардык милиция тарабынан бир топ алдын алуу иштери жүргүзүлүп, анын алкагында себеби жок көчөдө жүргөн өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелерине эскертүү берилип кайра коё берилди. Милиция кызматкерлери учурда сабактар дистанттык негизде өткөрүлүп жаткандыктан ата-энелерди өз балдарын үйдө кармоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий