• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таш-Көмүрдөгү Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин оңдоп-түзөө иштерине 163 миң 613 сом акча каражаты сарпталып, Бүткүл дүйнөлүк бакнкы тарабынан каржыланган.

Азыркы учурда жумуштар толук бүткөрүлүп, бөлүм бейтаптарды кабыл алууда.

“Бөлүмдө буга чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мекеме жалпы 18 керебетке ылайыкташып, керектүү заманбап шарттар менен камсыздалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий