• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таш-Көмүрдө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Таш-Көмүрдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо максатында милиция жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бир катар алдын алуу иш-чараларын жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, милициянын аймактык инспекторлору, шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Коомдук алдын алуу борборунун аксакалдар кеңеши жана мечит имамдарынан турган топ түзүлгөн.

Бул багытта катталган жоруктар жана социалдык коргоо бөлүмүндө каттоодо тургандар боюнча алдын ала талдоо жүргүзүлүп, учурда эң маанилүү делген үй-бүлөлөр арасында зомбулуктун алдын алуу жана ажырашууларды болтурбоо, үй-бүлөнү сактоо, балдарга туура тарбия берүү, ата-эненин жана зомбулуктун жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери бул багытта Таш-Көмүр ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 7 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий