Таш-Көмүрдө кылмыштуулуктун жана коронавирустун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Көчө” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында шаар аймагындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды өз балдарына кам көрүп, татыктуу тарбия берүүгө үндөштү. Алардын күн суук мезгилдерде билим берүү мекемелерине барып келүүсүн көзөмөлгө алууга чакырышты. Ошондой эле коронавируска каршы көрүлүп жаткан чараларды туура түшүнүү менен кабыл алуу керектиги жеткирилди. Шаар аймагында тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жана жеке гигиеналык эрежелерди кармоо зарылдыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий