• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таш-Көмүрдө милиция "Салам мектеп" иш-чарасын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери өспүрүм балдар арасында "Салам мектеп" аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чаранын максаты өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.

Түшүндүрүү иштерине социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери да катышкан.

Ошондой эле жашоо шарты кризистик абалда болгон, кайырчылык кылган, спирт ичимдиктерин ичкен, тамеки тарткан, баңги затын колдонгон, мектепте окубай соода түйүндөрүндө иштеген жаш өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий