• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таш-Көмүрдө милиция соода түйүндөрүндө видео көзөмөл орнотууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери соода түйүндөрүндө видео көзөмөл орнотууга чакырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жайларда орун алган уурулуктарды болтурбоо үчүн ар бир сатуучу кайдыгер карабай, видео көзөмөл орнотуу зарылдыгы айтылды. Милиция менен шаар тургундары тыгыз кызматташкан учурда бир топ кылмыштарга бөгөт коюлары белгиленди.

Ошондой эле милиция кызматкерлери шаар тургундарын азыркы учурда кайрадан күч алып жаткан коронавирустан сактанууга чакырышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынды. Тиешелүү талаптарды аткарбагандарга эскертүүлөр берилип, мындан ары жагдайды туура түшүнүү менен кемчиликтерди калыбына келтирүү зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий