• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таш-Көмүрдө темир түтүктөрдү мыйзамсыз казып жаткан жарандар аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Таш-Көмүрдө темир түтүктөрдү мыйзамсыз казып жаткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын апрель айынын аягында Таш-Көмүр ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан чара көрүү максатында билдирүү түшкөн. Анда Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар тарабынан оор техникалардын жардамы менен жерде көмүлүп турган темир түтүктөрдү уруксатсыз казып жатышкандыгы боюнча маалымат берилген.

Аталган маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, далил буюм катары болжол менен 70 метр диаметри 325 мм темир түтүктөр унаа менен кошо алынган.

Бул факт маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар чогултулган. Окуяга объективдүү толук баа берүү максатында КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган темир түтүктөрдүн ээси жергиликтүү ЖЧКга тиешелүү экендиги такталып, ал жеке уюмдун аткаруучу жетекчилиги окуя боюнча келтирилген зыянды толуктап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, милицияга арыз менен кайрылган.

Жогорудагы уурулук фактысынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 60 жаштагы тургуну Б.С. кармалган. Ал жерде көмүлүп турган темир түтүктөр меники деп сатып жаткан. Ал 2021-жылдын 25-май күнү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларга (түтүк жана жарнамалык щит) тиешеси бар деп шектелип жатат.

Алынган маалымат боюнча бул жаран өзүн “Элдик таза муун” укук коргоо кыймылынын Таш-Көмүр шаары боюнча координаторумун деп атап жүргөндүгү белгилүү болду.

Белгилей кетүүчү жагдай, мурда дагы аталган Б.С. аттуу жаран башка фактылар боюнча шектелип, ал жөнүндө убагында жалпыга маалымдоо каражаттары макалаларды жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий