• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына эркек киши чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында эркек киши сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына 71 жаштагы эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылды. Издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 12-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий