• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таш-Көмүрдө окуучулар арасында “Өрт - тилсиз жоо” аталышындагы сүрөт конкурсу уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында “Өрт - тилсиз жоо” аталышындагы сүрөт конкурсу уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келечек ээлери өрт кырсыгына тиешелүү болгон ар түркүн сүрөттөрдү кагаз бетине түшүрүп, түстүү боёктор менен кооздошкон.

Аталган конкурска 1-класстан 5-класска чейинки 60 окуучусу катышып, жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектерге ээ болушту. Иш-чара бекитилген пландын негизинде облус аймагында кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүү өсүп келе жаткан муунга өрт коркунучу тууралуу түшүнүктү калыптандырууга жардам берет. Бала от жөнүндө сүрөттү же кол өнөрчүлүктү жаратканда, ал бардык тиешелүү темаларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий