• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таш-Көмүрдө өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери шаар аймагындагы мектептерде окуучулар менен жолугушууларды уюштуруп, аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Окуучуларга атайын лекциялар окулуп, кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле мектеп рекетчилигинен алыс болуу зарылдыгы айтылып, татыктуу билим жана тарбия алууга үндөшүүдө.

Мындан сырткары белгиленген графиктин алкагында милициянын 2020-жылы аткарган жумуштары эл талкуусуна коюлуп жатат. Милициянын участкалык инспекторлорунун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлорунун отчеттук жыйындарына жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышууда. Милициянын жыл ичиндеги жумуштарына эл тарабынан оң баа берилип, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бергелешип иштөө маселеси талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий