• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Таш-Көмүрдө тез жардам унаасына жол бошотпогон эки айдоочуга чара көрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган (ЖККК) бөлүмчөсү тарабынан жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле айдоочулардын айдоочулук маданиятын көтөрүү максатында "Үгүт жүрүш" жана "Маяк" иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада ЖККК кызматкерлери жол кырсыктардын алдын алууга багытталган плакаттар менен жабдылган авариялык абалдагы автоунаанын коштоосунда кызматтык автоунаалардын атайын үн чыгаруучу жабдыктарынын жардамы менен шаар тургундарын жол эрежелерин так сактап жүрүүгө чакырып, андан сырткары, "Маяк" иш-чарасында тез жардам унаасына жол бербей эреже бузган эки айдоочуга тийиштүү чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий