• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таш-Көмүрдө тойканаларга эскертүүлөр берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20 /Кабар/. Таш-Көмүрдө тойканаларга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын мүчөлөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Тиешелүү кызматтардан түзүлгөн жумушчу топ шаар аймагындагы тойканаларга барышып, алдыда боло турчу той-мааракелерине алынган буюртмаларды кайтаруу керектигин эскертишти.

Ошондой эле ашканалар, эл көп топтолуучу жайлар жумушчу топ тарабынан текшерүүгө алынды. Бардык коомдук жайларды иштеткендерге санитардык нормаларды сактоо зарылдыгы жеткирилди. Коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алууда ар бир жаран жоопкерчиликтүү болуп, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий