• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Таш-Көмүрдө жол кырсыгынын кесепетинен унаа оодарылып калган

Кырсык 0

Бишек, 13.08.21. /Кабар/. Таш-Көмүрдө жол кырсыгынын кесепетинен унаа оодарылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Ssang Yong Musso үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу КаМАЗ унаасы менен тартылып, унааны жолго чыгарып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий