• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азенбек Козукеев жана бир топ жергиликтүү мекеме башчылары тарабынан коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар шаар аймагындагы соодо түйүндөрдү, базарларды, эл көп топтолчу жайларды кыдырышып, санитардык норманын сакталышын көзөмөлгө алышты. Сатуучуларга санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен беткап, колкап, антисептикалык каражаттарды колдонуу керектигин эскертишти. Такси кызматындагыларга жана банктарга келген атуулдарга азыркы кырдаал туура түшүндүрүлүп, аралыкты сактоо зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле, жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жарандын салымы бар экендиги айтылып, негизсиз көчөгө чыкпоого чакырышты.

Мындан сырткары, Шамалды-Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жазгы сууга түшүүлөрдүн алдын алуу максатында мектеп мугалимдери менен биргеликте жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Нарын дарыясынын жана Шамалды-Сайды аралап өткөн чоң каналдын кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулуп, сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий