• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Таш-Төбө айылынын токой чарба жумушчулары президенттен жер маселесин адилеттүү чечип берүүнү өтүнүшөт

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылынын токой чарба жумушчулары өздөрүнүн профсоюз төрагасын алардын жерлерин басып алган деп айыптап, президенттен бул маселени адилеттүү чечип берүүнү суранышат.

Токой чарбасынын мурдагы жумушчусу Базаркүл Даданова “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдиргендей, 1988-жылы министрлер Кеңешинин чечими менен турак жайсыз эмгек сиңирген кызматкерлерге жер тилкелери берилген.

“Кезегинде баар жерлерди каттатып, үйлөрдү куруп башташкан. Биз дагы курдук, бирок, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу токтотууга туура келген. 2014-жылы менин жерим конфискацияланганын билдим. Токой чарбасынын профсоюзунун төрагасы “Самшит” ЖЧКсын уюштуруп, өзү билип 30га жакын мен сыяктуу адамдардын жерин тартып алганы белгилүү болду”,- деди ал.

Анын айтымында, алар сотко, каржы полициясына, Мамлекеттик каттоо кызматына жана башка мамлекеттик органдарга кайрылышып, натыйжа чыккан эмес. Бардык чечимдер төраганын пайдасына чыгат. Алардын мамлекет башчысына кайрылгандан башка аргасы калбай калган.

“Канатбек Осмонов – бардар жашаган адам. Токой чарбасынын профсоюзунун төрагасы болуп иштейт, ошол эле учурда Кеңеште жана тармактык комитеттин төрагасы болуп иштеген. Анын Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп иштегенин айтпай эле коелу. Мындан тышкары Орто-Алыш айылындагы “Самшит” дачалык шериктештигинин төрагасы болуп саналат. Бул кызматта 2004-жылдан бери иштеп, Осмонов ашынган уятсыздык менен 15-20 жер тилкесин өзүнө ыйгарып алып, кийин сатып жиберген. Жер тилкелери боюнча махинацияларын мыйзамсыз жасап, Дача шериктештигинин төрагасы гана эмес, токой чарбасынын профсоюздук комитетинин төрагасы кызматынан пайдаланган”, - дейт жолдоштуктун мурдагы мүчөсү.

Ал Осмонов алар менен сүйлөшпөй жатканын, бийлигине таянып, алардын алсыздыгына ишенип жатканын белгиледи. “Ал бай адам, пенсионерлер менен карапайым адамдардын жерин тартып алууга абийири чыдайт”, - деп даттанат ал.

Даданова алар укук коргоо органдарына жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кайрылышып, бир жыйынтык болбогонун билдирди. Анын айтымында, аны жаап-жашырган байланыштары болушу мүмкүн.

“Биз президент Алмазбек Атамбаевге жардам сурап кайрылабыз. Ал – биздин акыркы үмүтүбүз! Сотторго жана каржы полициясына ишенбей калдык”,- дейт ал.

Өз кезегинде токой чарбасынын профсоюз төрагасы Канатбек Осмонов “Кабар” агенттигине бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. “Даданова Базаркүл 20 жылдан ашык жер тилкесине салык төлөбөй коюп, жерин алып коюшкан. Доонун эскиришине байланыштуу бул жер сатылган. Бирок, жер тилкеси 2003-жылы сатылган, а мени төрага катары 2004-жылы шайлашкан. Ушундан улам, бул ишке менин эч кандай тиешем жок. Бул төрөлө элек балага айып таккан сыяктуу”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий