• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камчыбек Ташиев: Кыргызстандын бир дагы жерин алдырбайбыз

Коом 0


Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын "Бедак" заставасын алып салуусун суранышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Тамчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев Ак-Сайдын активдүү тургундары менен сүйлөшүп, акылдашканын айтты.

“Алар мага бир гана Тажикстандын "Бедак" заставасын алдырганга, токтотконго күчүңүз жетсе, анда биз сизге рахматыбызды айтабыз деп суранышкан. Биз кечээ төрт саат сүйлөшүп отуруп, кыргыз эли койгон талаптардын баарын аткардык. Билип-билбей эле жалган маалымат тараткандарга кайрылып кетейин, Кыргызстандын бир дагы жерин алдырбайбыз”, - дейт ал.

Ташиев Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, согушту жек көргөн өлкө экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын жолугушуусунда протоколго кол коюлган.

Ага ылайык,
- "Тамдык" (Кыргызстан) — "Бедак" заставасы (Тажикстан);
- "Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" посту (Тажикстан);
- "Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Каракчикум" посту (Тажикстан);
- Чайхан жериндеги "Ак-Сай" (Кыргызстан) — Ходжай-Аъло жеринде "Шаршара" посту (Тажикстан) кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгенге чейин убактылуу жабылган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.

Ошондой эле бул аймактарда калктын жайгашуусуна уруксат берилбейт жана чарбалык иш жүргүзүлбөйт. Керектүү жерлерде видеобайкоо камералары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий