• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташиев Бажы кызматынын мурдагы башчысынын иши боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынынын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековдун иши боюнча комментарий берди.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда УКМК тарабынан коррупция беренеси боюнча кармалган. Ал 19-январда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Адилет Кубанычбеков бул кызматка 2021-жылдын октябрынын аягында дайындалган.

Ташиев маалымат жыйынында билдиргендей, Кубанычбеков дайындалгандан кийинки эки айдай жакшы иштеген, бирок акырындап бюджетке колун сала баштаган.

“Менден ага тийишпей турууну жана анын толугу менен булганышын күтүп, жеке кармоону суранышты. Бирок мен макул болгон жокмун. Буга чейин бир нече фактылар аныкталган, аны токтотуу керек эле. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий