• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ташиев: Бюджеттин эсебинен 55 ок өтпөс жана 50 КамАЗ сатып алдык

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан бюджеттин эсебинен Россиядан 55 ок өтпөс “Тигр” унаасын жана 50 КамАЗ сатып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев мамлекет техника сатып алууга эч кимден жардам сурабай турганын айтат.

“Биз азыр мамлекетибиздин коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн курал-жарак, ок-дарыларды да сатып алып жатабыз. Мунун баары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ашке ашты. “Байрактар ТВ2” учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматынын күжүрмөн нөөмөтүндө турат. Мындан ары өлкөбүздүн асманы жана чек арасы учкучсуз учактар менен кошумча кайтарылат”, - дейт УКМКнын башчысы.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-мартта УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземи өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий