• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиев: Биздин жоокерлер мекенди, анын бүтүндүгүн сактап калды

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Биз жоокерлерибизди жоготтук, бирок мекенди сактап кала алдык, – деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев.

УКМК башчысы бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү экендигин белгилеп, бардык кыргызстандыктарга көңүл айтты. Ошондой эле ал кыргызстандыктардан, каза болгон жоокерлердин ата-энелеринен кечирим сурап, көзүнө жаш алды.

“Мындай кыйын күндөр дагы өтөт. Бардык каза болгон жарандардын, жоокерлерлердин туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Мен балдарымды, жоокерлеримди жоготтум, бирок биз мекенибизди сактап кала алдык. Биз мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бүгүнкү күндөгү бардык чек арасын өз калыбында сактап калдык. Бардык жоокерлерге, баатырларга таазим кылам. Ар бир жоокер өзүнүн өмүрүнүн эли-жерине арнады”, - деп белгиледи Ташиев.

Ал кошумчалагандай, чек ара аймагында абал оор, бирок туруктуу, учурда оор техникаларды чек арадан туруктуу жайгашкан жерине алып чыгуу процесси жүрүүдө.

“Ал эми тургундарды жашаган жерине кайтаруу иштери толук коопсуз болгондон соң ишке ашырылат. Алдын ала маалыматка таянсак, 300гө жакын турак жай жабыркаган. Үй-жайлары жабыркаган үй-бүлөлөр азырынча кайта албайт. Бирок, алардын үйлөрүн тез арада калыбына келтирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 163 адам жабыркады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын 19-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий