• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташиев: Болот Темировдун кармалышы анын журналисттик иликтөөсү менен байланышы жок

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. "Журналист Болот Темировдун (Temirov Live`дын негиздөөчүсү) кармалышы анын мага карата жарыяланган иликтөөсүнө байланышы жок", - деп билдирди бүгүн маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, Темиров Live`дын иликтөөсүндөгү келтирилген далилдер калп. "Мен эч качан уурдаган эмесмин, коррупциялык схемаларга катышкан эмесмин. Бул менин жашоо принцибим жана бул тууралуу баары билет", - деди ал.

Ташиев Болот Темиров менен тааныш эместигин айтат.

"Ал анчалык белгилүү журналист эмес. Эл аралык гранттарды алып, жөн гана буйрутма материалдарды жасаган журналист. Бизде канча акча алып, алдаганы боюнча материалдар бар. Жакшы журналист болгондо коомдогу алгылыктуу процесстерди да чагылдырмак. Бирок дайыма негативдүү маалыматтарды чагылдырат. Бул анын ыкмасы. Ушунча жылдан бери саясатта жүрүп журналисттерди сотко берген эмесмин. Мен аны сотко берип, куугунтуктабайм. Мен атайын кызматтын башчысымын жана алдыда дагы маанилүү иштер турат", - деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев ошондой эле журналисттик иликтөөдө пайда болгон "Регион Ойл" ЖЧКсы тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Буга чейин Темиров Live`дын редакциясы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн өлкөнүн түштүк аймагындагы күйүүчү май бизнеси боюнча иликтөөсүн жарыялаган.

Анда мазутту экспорттоо менен алектенген делген УКМК төрагасынын жакындары баанын айырмасынан эки күндө 37 млн сом киреше тапканы айтылат. Тактап айтканда, ортомчу компания мамлекеттик ишкананын продукциясын сатуу менен эки күндүн ичинде жылдык кирешесинин дээрлик төрттөн бир бөлүгүн табат. Ошол эле учурда мамлекеттик заводдун («Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК) жана ортомчу фирманын («Регион Ойл» ЖЧКсы) жетекчилери УКМКнын төрагасы менен байланышта болгону айтылат.

Пикир

Оставить комментарий