• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташиев: "Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз

Аймак 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жерди Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

""Кемпир-Абадды" Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз, баары мурдагыдай калат. Эгерде силер макул болсоңор Аксы, Ала-Бука районундагы жана Баткен облусундагы жерлерди алмашуу боюнча иштерди улантабыз. Кемпир-Абад боюнча катачылык 60 жыл мурда болгон, ушуну гана айтып койою", - деди Ташиев.

Ал бийлик үчүн элдин талабы маанилүү экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий