• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиев “Кумтөр” боюнча мурдагы президенттер жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтты

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында журналисттерге “Кумтөр” боюнча мурдагы президенттер жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал “Кумтөр” кени боюнча ачылган кылмыш ишинде эч кандай саясий куугунтук жок экендигин белгиледи.

“Кумтөргө” тиешеси барлардын баарын жазага тарттырууга милдеттүүбүз. Биз ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер министрлер, спикерлер, депутаттар бар. Мурдагы президенттерди дагы мүмкүн жоопко тартабыз. Себеби алардын дагы түздөн-түз тиешеси бар. Кенди акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, мамлекеттик кызматкерлер жетелеме болуп калганын элибиздин баары көрдү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, “Кумтөр” боюнча бир катар аткаминерлер кармалып, айрымдары камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий